Швейцария Конфедерациясы Кыргызстанга 74 миллион швейцариялык франк өлчөмүндө быйыл кайтарымсыз каражат бөлө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Атамбаевдин Швейцариянын президенти Симонетта Соммарутта жана тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен жолугушуусунда айтылды. Бул каражат негизинен Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, ишкердикти өнүктүрүү жана айыл чарбаны колдоо сыяктуу беш багыт боюнча бөлүштүрүлө турганы айтылды.
Буга чейин Швейцария Кыргызстандагы парламенттик шайлоонү өткөрүүнү техникалык колдоо үчүн бир жарым миллион швейцариялык франк түрүндө колдоо көрсөтө турганы жарыяланган. Бул жолугушуунун алкагында Швейцария тарап Кыргызстандагы парламенттик шайлоону уюштурууга бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн 3 миллион франкка көбөйттү. Бул тууралуу президентти коштоп жүргөн расмий делегациянын мүчөсү, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Мындан сырткары Швейцария Кыргызстандагы социалдык-экономикалык реформаларды колдоого алууну улантарын убада кылды.(KJ/ZKo)