Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

Таласта катуу шамалдын кесепети эсептелди

Талас облусунда 24-марттагы катуу шамал келтирген материалдык чыгым 3,5 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

24-мартта кечинде ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал жүргөн. Кара-Буура районундагы Аманбаев, Шекер, Ак-Чий жана Маймак айыл аймактарында үйлөр, социалдык объекттер жабыркаган.

Жалпы район боюнча шамал 10 175 даана шиферди учуруп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG