Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Батыровдун жери боюнча мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш иш козголду


Сузак районундагы Ташбулак айыл өкмөтүнүн жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жерге жайгаштыруу мекемесинин кызматкерлерине облустук прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук прокуратурадан билдиришти.

Айыл өкмөт кызматкери издөө жарыяланган Кадыржан Батыровго тиешелүү камакта турган 12 гектар жерди башка бирөөлөргө мыйзамсыз берип жибергендиги аныкталган.

Бул боюнча мурдараак жергиликтүү укук коргоочу Анарбай Орозов Башкы прокуратурага жана президентке кайрылган.

Иликтөө иштери Кылмыш-жаза кодексинин 304, 170-беренелеринин негизинде жүрүп жатат.

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы калаба боюнча айыпталып, издөөгө алынган. (RsK)

XS
SM
MD
LG