Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Кыйраган лайнердин учкучунун үйүндө тинтүү жүрдү


Германияда Дюссельдорфтун полициясы Францияда кыйраган лайнердин учкучтарынын бири Андреас Лубитцтин үйүндө тинтүү жүргүздү.

Ага чейин Франциянын прокуратурасы Лубитц лайнерди атайылап кырсыкка учураткан болушу мүмкүн деген версияны айткан болчу. “Кара кутуда” кырсык болгон учурда эки учкучтун бири кабинадан чыгып, кайра кире албай калганы жазылганы маалымдалган.

Германиялык Germanwings авиакомпаниясына караштуу А320 үлгүсүндөгү аэробус 24-мартта Франциядагы Алпы тоосунда кыйраган. Барселонадан Дюссельдорфту көздөй бараткан учакта 144 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG