Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Еврокомиссия Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүүгө көмөктөшөт


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Брюсселдеги Евросоюздун баш кеңсесинде Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. Тараптар Еврокомиссиянын Кыргызстандагы долбоорлорун көбөйтүү шарттары жана буга чейинки кызматташуунун абалы тууралуу пикир алмашты.

Ошондой эле Кыргызстандагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө техникалык колдоо үчүн Европа комиссиясы бөлүп жаткан 10 миллион евро боюнча сүйлөшүү жүрдү.

Президент Алмазбек Атамбаев быйыл октябрь айына белгиленген парламенттик шайлоону демократиялык стандарттарга ылайык, акыйкат өткөрүү үчүн өкмөт тиешелүү чараларды көрүп жатканына токтолду.

Европа Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер өз кезегинде Кыргызстанда жүрүп жаткан саясий реформаны салыштырмалуу жогору бааларын айтып, өлкөдөгү демократиялык умтулууну Евросоюз мындан ары дагы колдоого аларын убада кылды. (KJ)

XS
SM
MD
LG