Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:04

УКМК кармалган АКШ жараны тууралуу билдирүү таратты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Ош шаарындагы кеңсесинде жүргөн тинтүү жана АКШ жараны Умар Фарук тууралуу билдирүү таратты.

Анда "текшерүү маалында Умар Фаруктун жанынан "Хизб-ут Тахрирдин" лидерине жана башка террордук топтордун айрым мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштин тергөө документтеринин көчүрмөлөрү, диний-экстремисттик мүнөздөгү тасмалар табылганы" айтылат.

"Бул адам тиешелүү уруксат албастан Оштун аймагындагы диний кырдаал тууралуу маалымат чогултуу менен алектенип жүргөнү аныкталды" деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы УКМКнын бул аракеттерин өлкөдөгү укук коргоочуларга, аны менен катар адвокаттарга басым катары баалады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG