Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Ош шаарынын реалдуу аянты 12 миң гектарга көп


Бул тууралуу кечээ Ош шаарынын жаңы сунушталып жаткан Башкы планын талкуулоо учурунда калаанын башкы архитектору Ажимурат Жолдошев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Ош шаарынын карамагында жүргөн Жапалак айылы Башкы планга кирбей, шаардын жалпы аянты аз көрсөтүлүп келген.

Ош шаарынын расмий аянты 6585 гектар. Чындыгында Жапалак айылындагы 12400 гектар жер эч жерде көрсөтүлбөй, Башкы пландын мурунку долбоорлорунда да эске алынбай келген.

Июль коогалаңынан улам Ош шаарынын 2009-жылы иштелип чыккан Башкы планы кабыл алына элек болчу. 2013-жылы кайрадан иштелип чыккан Башкы пландын долбооруна ылайык шаар аянты Кара-Суу районунун эсебинен кеңейип, Ош аба майданы чек арадан ичкериге жылдырылып, элге турак жай курууга жаңы жер аянттары каралган. Учурда Ош шаары 1999-жылда кабыл алынган Башкы план менен жашап келет. (YI)

XS
SM
MD
LG