Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Бишкекте адамды коюп кеткен айдоочу изделүүдө


23-мартта Бишкекте 31 жаштагы Мирлан Ибраимовду машинеси менен коюп өлтүргөн айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" маркумдун агасы Нурлан Ибраимов билдирди. Анын айтымында, окуя 23-мартта таңкы саат 5терде болгон. Бишкектин Лермонтов менен Чолпон-Ата көчөлөрү кесилишкен аймакта жогорку ылдамдык менен келаткан машине жол жээгинде бараткан адамды коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыкта Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Мирлан Ибраимов каза болгон.

Окуя болгон аймакта тартылган тасмаларда кырсыкка шектүү унаа ак түстөгү "Жигули" үлгүсүндөгү машине экени аныкталган. Бирок мамлекеттик номери көрүнбөй калган.

Нурлан Ибраимов окуяга күбөлөрдү 0709195757, 0771195757 телефон номерлери боюнча байланышка чыгууну өтүнүүдө.

XS
SM
MD
LG