Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Ошто кармалган америкалык журналист бошотулду


Ошто УКМК тарабынан кармалган америкалык журналист Умар Фарук бошотулганын, "үйүнө кайтып баратканын" өзү Твиттердеги баракчасына жазды. Анда "менин Оштогу сапарым соңуна чыкты. Кыргызстан бийлиги мага айып койгон жок жана эми үйүмө кайтып баратам" деп жазды Фарук.

Ал эми айрым маалыматтарга караганда Умар Фарук Ош шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.

Америкалык журналист Умар Фарук 25-мартта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан билдирүүдө "текшерүү маалында Умар Фаруктун жанынан "Хизб-ут Тахрирдин" лидерине жана башка террордук топтордун айрым мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштин тергөө документтеринин көчүрмөлөрү, диний-экстремисттик мүнөздөгү тасмалар табылган. Бул адам тиешелүү уруксат албастан Оштун аймагындагы диний кырдаал тууралуу маалымат чогултуу менен алектенип жүргөнү аныкталды" деп айтылат.

Фарук кармалгандан кийин "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Ош шаарындагы кеңсесинде да тинтүү жүргөн. "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы УКМКнын бул аракеттерин өлкөдөгү укук коргоочуларга, аны менен катар адвокаттарга басым катары баалаган билдирүү тараткан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG