Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Одессадагы жарылуу теракт катары бааланды


Жарылуу болгон жер
Жарылуу болгон жер

Одессада өткөн түнү жарылуу болду. Белгисиз адамдар Старопортофранков көчөсүндөгү имараттын терезесине бомба таштап кетишкен. Бул имаратта Донбасстагы украин аскерлерине жардам берген ыктыярчылардын уюмунун кеңсеси жайгашкан. Жарылуудан эч ким жабыркаган жок. Тартип коргоо органдары муну теракт катары баалашууда.

Акыркы бир нече айдан бери Одессада бир катар жарылуулар болуп, алардын уюштуруучулары кармала элек. "Антитеррордук ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү" үчүн шаарга Украинанын Улуттук гвардиясынын аскерлери келди. Одессанын көчөлөрүн милиция кызматкерлери кайтарууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG