Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Тунисте тогуз согушкер өлтүрүлдү


Полиция кызматкери музейдин алдын кайтарууда
Полиция кызматкери музейдин алдын кайтарууда

Тунистин Гафса провинциясында өткөн антитеррордук операциянын жүрүшүндө тогуз согушкер өлтүрүлгөнүн өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Атайын операция "Бардо" музейине жасалган кол салууга байланыштуу согушкерлерге каршы туруу боюнча чаралардын алкагында өткөрүлдү. 18-мартта Тунистин борборундагы музейге кол салуудан 20дан ашуун киши, негизинен чет өлкөлүк туристтер өлгөн.

Жок кылынган согушкерлер "Окба ибн Нафаа" экстремисттик тобуна киргени кабарланууда. Бийликтин маалыматына ылайык, музейге чабуулду дал ушул террордук уюм уюштурган.

Бүгүн Тунисте "Тилектештик маршы" өтөт. Ага миңдеген тунистиктер катышары күтүлүүдө. Демонстрацияга Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Италиянын премьер-министри Маттео Ренци да катышат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG