Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Кыргызстандык жаранды Санадан чыгарып кетүү аракети көрүлүүдө


Тышкы иштер министрлиги Йемен Республикасынын согуштук кырдаал курчуган Сана шаарынан кыргызстандык бир жаранды чыгарып кетүү боюнча чукул аракет көрүлүп жатканын кабарлады.

Расмий маалымат боюнча Йемендеги кыргызстандыктар арасында мерт болгондор жок. Жалпысынан бул өлкөдө 16 жаран бар. Алардын 15и согуш жүрүп жаткан түндүк аймактан 500-600 чакырым алыс жерлерде жашап, иштешет жана алар бул өлкөдөн чыгып кетүү ниетин билдирише элек. Кокус кырдаал курчуп кетсе бардык журтташтарды Йеменден чыгарып кетүү жолдорун Кыргызстан караштырып жатат, деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

XS
SM
MD
LG