Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Пан Ги Мун Иракка барды


БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун бүгүн Багдадга барды. Маалыматтарга караганда, башкатчы премьер-министр Хайдар ал-Абади жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушууларда Улуттар уюмунун Ирак элине жана өкмөтүнө колдоосун билдирмекчи.

Сүйлөшүүлөрдө өлкөдөгү азыркы саясий жана коопсуздук кырдаалдар талкууланат деп күтүлүүдө.

Ирак армиясы өткөн жылы өлкөнүн түндүк жана батыш аймактарын басып алган “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы операцияны улантууда. Аларга АКШ баштаган коалиция абадан сокку уруп көмөктөшүүдө.

Акыркы бир нече жумадан бери мурдагы диктатор Саддам Хусейндин кичи мекени Тикрит шаары үчүн уруш жүрүүдө.

Пан Ги Мун өткөн дем алыш күндөрү Египетте Араб Лигасынын саммитине катышкан.

XS
SM
MD
LG