31-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы мүмкүн, калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10...-15, күндүз -2…-7,
Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз, -3…-8
Баткен облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2…+3,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 2…4 градус.