Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Атамбаев Европада парламенттеги талаштуу мыйзам долбоорлору боюнча оюн айтты


Алмазбек Атамбаев Европа лидерлери менен жолуккан кезде Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан гей-пропаганда жана чет элдик агент тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча өз позициясын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын сапарын коштоп жүргөн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков журналисттерге маалымдады. Атамбаев жолугушууда парламент көз карандысыз мыйзам чыгаруу бийлиги экенин айтуу менен, эгерде аталган мыйзам долбоорлору кол коюуга келсе, аны эксперттердин катышуусунда терең талдап көрүп, анан чечим кабыл ала турганын европалык өнөктөштөргө билдирген.

Буга чейин Кыргызстандын парламентинде сунушталып жаткан бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттерге” теңеген жана гей-пропагандага каршы чаралар боюнча мыйзам долбоорлорунан улам Евросоюз каржылык колдоо көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүн экени айтылган болчу. Бирок Евросоюздун Брюсселдеги институттарында болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанга 30 миллион евро бөлүнмөй болгондугун Сапар Исаков кошумчалады.

Бул каражат 2015-2016-жылдагы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн колдоого багытталат. Ошондой эле Кыргызстандагы экономикалык оор абалда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коргоо боюнча социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалмакчы.

Европага сапарынын алкагында бүгүн Атамбаев Бельгиянын королу Филипп менен да жолугушту. 22-мартта башталган президент Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары 1-апрелде соңуна чыгат жана ал жалпысынан беш мамлекетте болмокчу. (KJ)

XS
SM
MD
LG