Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Бишкекте балдарды коргоого арналган акция өтөт


“Ала-Тоо” аянтында бүгүн кыргыз өкмөтү менен ЮНИСЕФ эл аралык уюму бирге “Мен зомбулукка каршымын” деп аталган акция өткөрөт. Балдарга кордук көрсөтүүнү токтотууга чакырган иш-чарада жеткинчектердин катышуусунда флеш-моб уюштурулат. Ошондой эле алакандын формасындагы интерактивдик инсталляция орнотулат. Акцияга вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышат.

Кыргызстанда соңку кездери балдарга карата зомбулук жасалган окуялар көп каттала баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG