Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:37

Укук коргоочулар күч органдарына нааразы


“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын Оштогу кеңсесине УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тинтүүгө нааразы болуп укук коргоочулар тобу бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрөт. Ага аталган уюмдун өкүлдөрү, Кыргызстан адвокаттар кеңешинин мүчөлөрү жана башка укук коргоо кыймылдарында иштегендер катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. Алар укук коргоочулардын көз карандысыз ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө күч кызматкерлери тоскоол болуп жатканын белгилешүүдө.

УКМК "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Ош шаарындагы кеңсесинде жана уюмдун юристтери Хусанбай Салиев менен Валерий Вахитовдун үйүндө 27-мартта тинтүү жүргүзгөн. Атайын кызмат муну уюм экстремисттик жана бүлүндүрүүчү аракеттерге тиешеси болушу ыктымал деп негиздеген. (SE)

XS
SM
MD
LG