Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

БУУ: Cирияга сегиз миллиард еврого жакын гумжардам керек


Сирия. Кобаны шаарындагы урандылар. 25-март, 2015-жыл
Сирия. Кобаны шаарындагы урандылар. 25-март, 2015-жыл

БУУ донор уюмдарга кайрылып, согуштан жапа чегип турган Сирия эли ушул тапта 7 миллиард 700 миллион евро өлчөмүндө гуманитардык жардамга муктаж экендигин билдирди. Уюмдун атайын өкүлү Абдалла ал-Маатук дүйшөмбү күнү Кувейтте коомдук уюмдардын кызматкерлери менен жолугушкан учурда билдиргендей, эгер каражат топтолбосо, мамлекет гуманитардык катастрофа коркунучуна тушугат.

Кувейтте бүгүн Сириядагы апаатты токтотууга арналган эл аралык конференция башталат. Мындай жыйын эки жылдан бери уюштурулат. 2013-2014-жылдары Сирия муктаж болгон гумжардам 1,5-2 миллиард доллардын тегерегинде болчу. Бирок ал деле толук берилген эмес.

Сирияда согуш 2011-жылы башталган. Андан бери миңдеген жаран каза таап, түшүм жыйноо жана мал-жандык кескин азайган. (SE)

XS
SM
MD
LG