Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Казактарга жарлык таккан орус аял шарттуу кесилди


Татьяна Шевцова –Валова.
Татьяна Шевцова –Валова.

Алматынын соту 31-марттагы өкүмү менен Татьяна Шевцова –Валованы “улут аралык кастыкты” козуткан деп тапты. Ал үч жылдык сыноо мөөнөтү менен төрт жылга шарттуу кесилди.

Татьяна Шевцова-Валова кылмыш жоопкерчилигине интернеттеги социалдык сайттардын айрым колдонуучуларынын арызынын негизинде тартылды.

Алар Шевцова–Валованын жазгандары этникалык жактан кордоого жана дискриминациялоого барабар деп арызданышкан.

Шевцова –Валова "Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү баракчасында бир ирет казактарды “чуркилер” деп атаган эле. Ошондой эле Казакстанды Крым сыяктуу Орусиянын курамына кирүүгө чакырган.

Бул иш боюнча соттук териштирүү быйыл январда башталган. Тергөө учурунда Шевцова –Валова үй камагына алынган болчу.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. (UE)

XS
SM
MD
LG