Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Донорлор Сирияга 4 млрд. долларга жакын жардам убада кылышты


Сирия боюнча донорлор конференциясы. Кувейт, 31-март, 2015-жыл.
Сирия боюнча донорлор конференциясы. Кувейт, 31-март, 2015-жыл.

Согуштан алсыраган Сирияга 3,8 миллиард доллардык жардам донорлордун Кувейттеги конференциясында убада кылынды.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун конференция соңунда сүйлөп жатып, берилген убадаларды “абдан берешендик” деп баалады.

Ал Сириядагы кырдаалды “биздин замандын эң оор гуманитардык кризиси” деп мүнөздөдү. Пан Ги Мундун айтымында, ар бир беш сириялыктын төртөө жакырчылыкты, жокчулукту баштан кечирүүдө.

Президент Башар Асадга жан тарткан күчтөр менен аларга каршылардын төрт жылдан берки согушунан 200 миңден ашуун сириялыктын өмүрү кыйылды.

Өкмөттүк күчтөр менен урушка акыркы жылдары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу да тартылууда.

Он бир миллиондон ашуун сириялык үй -жайын таштоого аргасыз болду.

Сирияга жардам көргөзүү боюнча буга чейин да эки ирет конференция өтүп, донорлор анда да 3,9 миллиард доллар убада кылышкан эле. (UE)

XS
SM
MD
LG