Бул тууралуу Кошмо Штаттар билдирүүдө. Дүйнөнүн алты ири державасы менен Ирандын сүйлөшүүлөрү 31-марттагы акыркы мөөнөттөн да өтүп, улантылышы мүмкүн.
Тараптар буга чейин макулдашкандай, алар быйыл 31-мартка карата Ирандын талаштуу өзөктүк программасын жөнгөрүүгө саясий негиз болуучу келишимге кол коюшу керек эле.
Швейцариянын Лозанна шаарынан түшкөн соңку кабарларга караганда, сүйлөшүүгө тартылган тараптар азыр макулдашылган маселелер боюнча жалпы билдирүү даярдап жатышат.
Бул өз кезегинде сүйлөшүүлөрдү жыйынтык макулдашууга жетүү үчүн буга чейин мерчемделген мөөнөт- 30-июнга дейре улантууга жол ачат.
Иран делегациясынын мүчөсү Хамид Баидинежаддын айтымында, келишимдин контурларын аныктоо үчүн алар сүйлөшүүлөрдү канча убакыт талап кылынса улантууга даяр, бирок бир нече маселе али чечиле элек.
Иран менен сүйлөшүүлөргө АКШ, Кытай, Британия, Франция, Орусия, Германия тартылган.
Ирандын өзөктүк программасы боюнча талаш-тартыштар уланып жатканына быйыл 12 жылга аяк басты.
Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасоону көздөйт деп шек санашса, Тегеран мындай ырастоолорду такай четке кагат. (UE)