Кыргыз президентинин Европа мамлекеттерине иш сапары бүгүн Германияда соңуна чыгат. Мамлекет башчы жетектеген делегация 31-март күнү Берлинге барды. Расмий сапардын алкагында бүгүн Атамбаев федералдык президент Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркел менен жолугушат.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар экономикалык, социалдык жана маданий багытта кызматташуу маселесин талкуулайт.
Атамбаевдин Европанын беш мамлекетине расмий сапары 22-мартта башталган. Он күндөй убакыттан бери ал Австрия, Белгия, Франция жана Швейцария мамлекеттерине барып, бийлик өкүлдөрү менен жолукту. (SE)