Кыргызстандын мамлекеттик Туусунун авторлорунун бири Маматбек Сыдыков 31-март күнү Бишкекте көз жумду. Кесиби боюнча архитектор Сыдыков 69 жашта болчу.
1992-жылы кабыл алынган кыргыз желегине түндүктүн элесин түшүрүү идеясы ага таандык. Түндүк элдердин биримдиги катары сүрөттөлгөн.
Сыдыковдон сырткары Туунун авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев. (SE)