Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Кыргызстандык Матанов Царнаевдерге жардам бергенин моюнуна алды


Хайруллажан Матанов
Хайруллажан Матанов

АКШнын Бостон шаарындагы жардырууларды уюштуруу боюнча соттолуп жаткан Жохар Царнаевдин таанышы, кыргызстандык 24 жаштагы Хайруллажан Матанов АКШнын Федералдык тергөө бюросунун ишине тоскоол болууга аракет кылганын билдирди. Жергиликтүү булактардын маалымдашынча, АКШга 2010-жылы башпаанек сурап келген Матанов өткөн жумада сотто күнөөсүн моюнуна алган. Ал 2014-жылдын май айында кармалган болчу.

Матанов Бостондо терракт уюштурган деп айыпталып жаткан бир тууган Царнаевдердин досу катары тергөөгө тоскоолдук жаратып, алардын компьютериндеги файлдарды өчүрүп жебергени үчүн айыпталууда. Аны менен дагы үч киши тергөөгө тоскоолдук кылганы үчүн колго түшкөн. Арасында казак жараны да бар.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурундагы жардыруу 3 кишинин өмүрүн кыйын, 250 адам жараат алган. Окуяга шектелгендердин бири Темирлан Царнев кармоо учурунда полиция аткан октон мерт кеткен. Иниси Жохар Царнаев колго түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG