Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-мартта кечке жуук саат төрттө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда жер силкинүүнүн очогу Коргон айылынан ары 20 км, Баткен шаарынан ары түштүк-чыгыш тарапты көздөй 55 км, Ош шаарынан түндүк-батыш тарапты көздөй 165 км жерде болгон. Коргон айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 балл болду. (AzK)