Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Турсунбек Акун “Ата Мекен” менен шайлоого барат


Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Мурдагы акыйкатчы, Борбор Азия мамлекеттеринин укук коргоочулар конгрессинин координатору жана жаңы түптөлгөн “Адам укугу” партиясынын лидери Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, жакынкы күндөрдө парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясы менен биргеликте баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, чечим кабыл алынды. Эми ал түптөгөн партия “Ата Мекен” партиясы менен биригет. Турсунбек Акун “Ата Мекен” партиясынын 23 жылдык тарыхын, демократиялык жолдо келе жаткандыгын эске алып, ушундай чечимге келгенин билдирди.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Адам укугу” аттуу партиясын жакында эле түзүп, бет ачарын өткөргөн. Ал Кыргызстандагы 200гө чамалуу партиялардын ичинен адам укугун коргоо боюнча бир дагы партия жоктугун эскертип, эгер алар бийликке келсе адам укугун коргоо маселесин алдыңкы орунга коерун билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG