Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:45

Ирак армиясы Тикрит шаарынын ортосуна жетти

Шиит милициясынын жоокерлери  провинциалдык кеңештин маңдайында. Тикрит, 31-март, 2015
Шиит милициясынын жоокерлери провинциалдык кеңештин маңдайында. Тикрит, 31-март, 2015

Аскерлер эми “Ислам мамлекети” террордук тобунун желдеттеринен шаарды толук бошотот деп билдирди 31-мартта премьер-министр Хайдар Абади.

Өкмөт башчы өз сөзүндө ирактыктар жана АКШ башындагы аба күчтөрү колдогон улуттук армия менен полицияга шиит топторунун милициясы, суннит уруулары көмөктөшүп жатканын баса көрсөттү.

2-мартта жихадчыларга каршы башталган операцияга шиит милициясы чоң сандагы жоокерлерин жөнөткөн. Ирак армиясынын согуш майданындагы чоң чыгымдарына жана шиит милициясын башкаруудагы Ирандын ролуна байланыштуу Багдад-Вашингтон арасындагы келишпестиктен улам чабуул бир нече аптадан кийин басаңдап калган. Согушчандар Тикритти былтыр июнда түндүк жана батыш Ирактын чоң бөлүгүн басып алган кезде ээлишкен.

XS
SM
MD
LG