Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Парламент шайлоодо туруктуу тизмени колдонууну жактады


Бул маселе боюнча бүгүн 1-апрелде парламентте ача пикирлер айтылды. Депутат Чыныбай Турсунбеков талапкерлердин тизмесин шайлоодон кийин өзгөртүү сунушуна каршылык билдирип, шайлоого барардын алдында тизмени түзүү маселесине олуттуу карап, татыктуу адамдардын келишин камсыздоо керектигин белгиледи.

Тизмени шайлоодон кийин өзгөртүүнү жактагандар мындай шарт акыркы орундардагы талапкерлерге жакшы мотивация болорун, алардын көбүрөөк добуш алуу үчүн активдүүлүгүн жогорулатарын билдиришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында туруктуу тизмеге 102 депутат макул болуп, жетөө каршы чыкты.

Буга чейин талапкерлердин тизмесин шайлоо бүткөндөн кийин бир жолу өзгөртүү боюнча демилгени “Ар-намыс” фракциясынан депутат Замир Бекбоев көтөрүп чыккан. Ага ылайык, мандат шайлоодон кийин талапкерлердин активдүүлүгүнө, топтогон добушуна карап бөлүштүрүлмөк.

Укук коргоочулар Кыргызстанда шайлоочулардын партияга эмес, анын ичиндеги тааныган - билген талапкерине добуш берерин эске алганда, бул аракет шайлоочуларды алдагандыкка жатарын эскертишкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG