Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Меркел: Кыргызстандын президентинин ортомчулугу маанилүү


Берлин. 1-апрель, 2015-жыл.
Берлин. 1-апрель, 2015-жыл.

Ушул сааттарда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Германия канцлери Ангела Меркелдин өз ара сүйлөшүүлөрү аяктап, журналисттер үчүн маалымат жыйынына келишти.

Маалымат жыйынында журналисттер “Орусия менен Евробиримдиктин ортосундагы Украина боюнча маселеде тараптардын позициясын жакындатуу ортомчулугу ишке аштыбы?” деген суроого президент Атамбаев Минск макулдашуусунун шарттарын аткаруу боюнча европалык лидерлер менен позицияны тактоо мүмкүн болгонун айтып, чыңалууну жеңилдетүүгө ишенимди көргөнүн айтты.

Атамбаев учурда Молдовада дагы кырдаал курч экенин айтып, жагдайды жөнгө салуу үчүн тараптар сүйлөшүүгө отуруп, абалды тынчтык жолу менен чечүүнүн жолдорун издөөгө тийиш экенин белгиледи.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы чыңалууну жеңилдетүүдө Кыргызстандын президентинин ортомчулугу маанилүү экенин айтып, кырдаалды жөнгө салуу жана саясий диалогду жандандырууга чоң үмүт бар экенин айтты. Меркел Кыргызстанда быйыл өтө турган парламенттик шайлоонун акыйкат жана таза өтүшүнө көмөк көрсөтүп, техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.(KJ)

XS
SM
MD
LG