Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:04

Германияда катуу шамал тогуз кишинин өмүрүн кыйды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Германияда ылдамдыгы саатына 190 километрге жеткен “Никлас” бороону 9 адамдын өмүрүн алды. Франкфурт, Мюнхен, Гамбург шаарларында учак каттамдары токтотулуп, темир жолдун ишине да тоскоолдуктар жаралды. Жарандар коопсуз аймактарга көчүрүлө баштады. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, табият кырсыгы менен күрөшүү уланууда. Бороон толук токтой элек.

Айрым маалымат булактары шамалдан Австрия, Швейцария жана Британияда да кишилер жабыркаганын жазып чыкты. Ошондой эле Нидерландда да ылдамдыгы саатына 120 километрге жеткен шамал согуп жатканы айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG