Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы балдардын клиникалык ооруканасынын дарыгери паракорлукка шектелип кармалды.
Министрликтин маалыматына ылайык, дарыгер 9 жаштагы балага операцияга жасаганы үчүн туугандарынан акча талап кылган. Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде дарыгер 6000 сом алып жаткан жеринен кармалган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин негизинде иши козголду. (SE)