Бул туурасында парламент жыйынында депутат Эсенгул Исаков билдирди. Анын айтымында, атбашылык малчылар чөп тартыштыгынан улам жут башталышы мүмкүндүгүн билдиришкен. Депутат соңку күндөрү аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам жаралган кырдаал боюнча өкмөт атайын ыкчам чараларды көрүүсү керектигин айтты.
Мындан тышкары депутат малды эмдөө боюнча Ветеринардык инспекциянын иш-аракетин сындады. Анын маалыматында, вакциналарды алып келүүчү компаниялар боюнча тендер өтүп, жеңүүчү аныкталганы менен ортодо келишимге кол коюлбагандыктан аймактарда мал эмделбей, жайыттарга чыгып кетип жатат. (AzK)