Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Киевдеги жардыруудан эч ким жапа чеккен жок


Украинанын баш калаасында бүгүн таң эртең мененки жардыруу банк жайгашкан имараттын кире беришинде болду. Акыркы айларда өлкөнүн түштүгүндөгү Одесса, чыгыштагы Харьков шаарларында бир нече жолу бомба жарылды. Бул шаарлар орусиячыл жикчилдер кармап турган аймактардан сырткары жайгашкан. Жардыруулардын көбү украин бийликтеринин жикчилдерге каршы согушу менен байланышы бар уюмдарды бутага алгандыгы байкалды. Украин бийликтери кечээ Одессадагы жардырууларга тийешеси бар деп шектелген үч кишинин кармалганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG