Беларус президенти Александр Лукашенко "Орусиядагы саясатчылардын империалисттик кара ниети болгону менен, менин өлкөм эч качан бул өлкөгө кошулбайт",- деди.
Блумберг Ньюс менен маегинде Лукашенко Беларус жарандары баскынчылар менен кашык каны төгүлгөнчө кармашарын кошумчалады. Ал диктатордук жактан Путинден "артта калдым" деп ырастады жана орус, беларус элдерин 1996-жылы 2-апрелде түзүлгөн орус-беларус союзунун мааракеси менен куттуктады.