Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысынын маалыматына караганда, 2015-жылдын 3-апрелинен 6-апрелине чейинки күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу Бишкек - Ош жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман - Акталчат жолунун 67-94-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Министрлик жолго чыккан унаа ээлерин сак болууга жана унаалардын ортосундагы кыймылды 500 метр аралыкка чектөөгө чакырат. (AzK)