Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Түркияда бекер дарыланчуларга Кыргызстанда эле операция жасоо демилгеси көтөрүлдү


Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев менен Түркиянын Эл аралык кызматташуу уюмунун вице-президенти Мехмет Суреййа Эр менен болгон жолугушууда айтылды. Талант Батыралиевдин айтымында, Түркияга бекер дарыланууга 100 кишини жиберүүнүн алкагында айрым көйгөйлөр жаралууда. Анткени дарыланууга бара тургандардын көпчүлүгү талапка ылайык жол кире жана ооруканадагы чыгымдарын өз алдынча көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Мындан улами министр айрым операцияларды Түркиянын заманбап клиникаларынын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүндө жасоону сунуштады. Түркия тарап бул сунушту колдорун айтып, маселени жакынкы убакытта карап чыгууну убада кылды.

Кечээ 2-апрелде бул маселе парламентте да көтөрүлүп, депутат Дастан Жумабеков Түркияга бекер дарыланууга барат деген жарандарга мамлекет тарабынан дагы колдоо керектигин айткан.

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев Анкарага иш сапары менен барганда жыл сайын чет мамлекетте дарыланууга муктаж 100 кишини Түркияда бекер дарылатып туруу жөнүндө макулдашып келген эле. Ага ылайык, Түркиянын саламаттык сактоо мекемелери операция жана дарылоо кызматтарын гана акысыз көрсөтүшмөк. (AzK)

XS
SM
MD
LG