Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Иран менен ядролук келишимдин негизги жоболору макулдашылды

Британиянын тышкы иштер министри Ф. Хаммонд, АКШ Мамкатчысы Ж. Керри, ЕБнын тышкы саясат боюнча комиссары Ф. Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Ж. Зариф (солдон оңго) Лозаннадагы макулдашуудан кийин.

АКШ тараптын маалымдашынча, 2-апрелде жетишилген келишим Ирандын ядролук курал жасоосуна эч кандай жылчык калтырбайт. Корутунду келишимге Иран жана дүйнөнүн бакубат алты державасы 30-июнда кол коюуга тийиш. Чоң алтылыкка АКШ, Британия, Кытай, Франция, Орусия жана Германия кирет.

Швейцариянын Лозанна шаарындагы макулдашууга ылайык, Ирандын уранды байытуусу чектелип, ядролук программасы такай мониторингге алынат. Анын ордуна Улуттар уюму, Евробримдик жана АКШ мурда Иранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды жеңилдетет.

XS
SM
MD
LG