Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:48

Германиялык учкуч жанкечтиликке даярданганы ырасталды

Андреас Любицтин Фейсбуктагы баракчасы. 26-март 2015
Андреас Любицтин Фейсбуктагы баракчасы. 26-март 2015

Альп тоолорундагы кырсыктын башкүнөөкөрү деп шектелген учкуч жанкечтиликтин жолдорун жана пилоттор кабинасынын коопсуздук системасын кылдат изилдеп үйрөнгөн. Бул жөнүндө Андреас Любицтин Дюсселдорфдогу үйүндөгү компьютерди изилдеген тергөөчүлөр 2-апрелде билдиришти. 150 адамдуу аэробусту атайылап келип тоого сүздүргөн деп шектелген Любицтин компьютери жана браузери учактын кара кутусундагы жазуулар окулгандан кийин текшерилди.

24-мартта Барселонадан Дюсселдорфго учуп бараткан Germanwings компаниясынын авиалайнери Франциянын тоолорунда кыйроого учураган.

XS
SM
MD
LG