Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Түркия жана АКШ Крым татарларынын ММКсын жабууну сындашты


Татар тилиндеги АТР телеканалын колдогон демонстрация. Симферополь, Крым. 31-март 2015
Татар тилиндеги АТР телеканалын колдогон демонстрация. Симферополь, Крым. 31-март 2015

Түркиянын тышкы иштер министри Крымдагы кырдаалды “адам ынангыс” деп сыпаттады.

Мевлут Чавушоглы 3-апрелде Литвадагы жыйында крымдыктар, айрыкча, түрк тилдүү татарлар куугунтукталып жатканын айтты. Украинанын курамындагы Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы мартта өзүнө кошуп алган. Чавушоглунун билдиришинче, Түркия адам укугун бузууларды көзөмөлдөө үчүн жакында Крымга расмий эмес миссия жиберет.

Мурдараак АКШ Орусия 1-апрелде жарым аралдагы крым татар тилиндеги бир нече медиа булакты жапканын “сөз эркиндигине каршы чабуул” деп сындаган. Бул кадамды Мамдепартаменттин өкүлү Мари Харф орус баскынчылыгына каршы адамдардын оозун жабуу деп атады.

XS
SM
MD
LG