Пакистан премьер-министри Наваз Шариф Йемендин мыйзамдуу өкмөтүн төңкөрүүгө тынчсыздануусун билдирди.
Шариф 3-апрелде Анкарада Түркия өкмөт башчысы Ахмет Даутоглу менен кездешкенден кийин кабарчыларга Йемендеги шиит козголоңчуларына каршы согушта Пакистан Сауд Арабия башындагы коалицияны колдогонун да айтты.
"Йемендеги коопсуздук өтө жаман абалда. Бизди Йеменде мыйзамдуу бийликтин бейөкмөттүк оюнчулар тарабынан оодарылганы тынчсыздандырат. Абал татаал жана мусулман коомунун биримдиги үчүн, атүгүл бүтүн чөлкөмгө коркунучтуу болушу мүмкүн", - деди Наваз Шариф.
Исламабад Эр-Рияддын жакын союздашы. Пакистандын парламенти 6-апрелдеги атайын сессиясында Йемендеги шиит эрегишчилерине каршы Саудия башындагы аскердик операцияга кошулуу маселесин колго салат.