Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Иран боюнча келишимдин жоболору Тегеранда көчө майрамына айланды


Тегерандын көчөлөрү 3-апрелге караган түнү майрамдык маанайга бөлөндү
Тегерандын көчөлөрү 3-апрелге караган түнү майрамдык маанайга бөлөндү

Ирандын ядролук программасы боюнча алты мамлекет жана расмий Тегеран жетишкен макулдашуунун башкы жоболору “тарыхый мунаса” катары сыпатталууда. Акырындап экономикалык санкциялар жоюлуп, жашоо-турмуш жакшырат деп ишенген ирандыктар көчөгө чыгып шаңдуу майрамдаганы кабарланууда.

Ирандын ядролук программасы кыскартылат

Иран жана алты мамлекет жетишкен келишимдин негиздери келечекте Ирандын атомдук бомба жасашына бөгөт койот деген үмүт жаратты. Соңку сегиз күн жана түн Швейцариянын Лозанна шаарында тынымсыз сүйлөшүү өткөргөн алты өлкө жана расмий Тегерандын өкүлдөрү 2-апрелде кол койгон документке ылайык, Иран бара-бара ядролук программасын кыскартып, ал үчүн АКШ, Европа Биримдиги жана Улуттар уюму ирандыктардын жашоосун оорлоткон экономикалык санкцияларды акырындап жойушу керек. Бул тууралуу келишимдин жоболору деп аталган документти Лозаннада жарыялаган Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини билдирди:

Федерика Могерини
Федерика Могерини

- Иран ядролук программасын жай турмуш максатында иштетсе, уранды байытуу ишмердиги, анын запастары кыскартылып, Натанц станциясынан башка жерлердеги мындай иштер токтотулат. Ирандын уранды байытуу иштери кайсыл жерде жана кандай көлөмдө болору бардык тараптар ортосунда так макулдашылды. Фордо станциясы уранды байытуунун ордуна ядролук физиканы изилдөө борборуна айландырылат.

АКШлык делегациядан тарап кеткен жадыбалга ылайык, жаңы чектөөлөр турмушка ашса, Иран бир атомдук бомбага керектеле турган көлөмдөгү байытылган уранды он жылда барып өндүрө алат. Ал үчүн атомдук станцияларда пайдаланылган центрифугалардын саны азыркы 19000ден 6104кө түшүрүлөт. Алардын баары IR-1 үлгүсүндө гана болуп, жаңы моделдерди колдонууга уруксат берилбейт. МАГАТЭ, же Эл аралык атомдук инспекция Ирандагы атомдук станцияларды такай кыдырып текшерүүгө, андан сырткары уран кендерин да инспекциялоого уруксат алат.

Башкы келишим үч айда даяр болобу?

Могерини айым менен чогуу Лозаннада жети тарап жетишкен келишим негиздерин жарыялаган Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф жыйынтык келишимди даярдоого үч айлык мөөнөт берилгенин белгиледи:

- Жыйынтык келишим 30-июнда даяр болушу керек, ага чейин ойдогудай иштеп, жолубуз ачык болсо. Бүгүн биз маселени чечүүнүн жалпы түшүнүшүү жолун гана таптык. Эми үч ай ичинде бардык тараптар аки-чүкүсүн бирдей макулдашкан татаал жана чоң келишим даярдалышы керек.

Ал тапта саясий тагдыры жана мурасы ушул келишим жана жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы кризистерге байланып калган АКШ президенти Барак Обама 2-апрелде макулдашылган документти “тарыхый мунаса” деп атап, иш али бүтө элек экенин кошумчалады. Ошол эле маалда өзүнүн Америкадагы саясий атаандаштарын катуу эскерте кетти.

- Эгерде АКШ Конгресси эксперттердин анализин эске албай, башка мыкты жолду сунуштабай туруп келишимге бут тоссо, анда эл аралык дипломатиянын ишке ашпай калганы үчүн бүткүл жоопкерчиликти Америка өзүнө алат. Эл аралык биримдик, тилектештик кыйроого учурайт жана касташуунун жолу кеңейтилет.

Айткандай эле АКШ Конгрессинин спикери Жон Бенер “президент Обама баштапкы максаттарын өзгөрттү, конгрессмендер Иракка каршы санкцияларды оңой эле жоюп салбайт” деп комментарийледи. АКШ менен Ирандагы консервативдүү саясатчылар, Израил, Сауд Арабия 30-июнда соңку келишимге кол коюларына кепилдик жок деген оюн кыйытууда.

Санкциялар жоюлуп, Иранда эл турмушу жакшырабы?

Ирандын өзүндө көп жылдардан берки эл аралык санкциялар менен дүйнөдөн обочолонуудан чарчаган эл көчөлөргө чыгып, келишимдин алгачкы жоболорун кубаттап, шаңдуу белгилеп жатканы көптөгөн сүрөт жана видео аркылуу интернетте тарады.

Швейцариядагы сүйлөшүүдөн кайтып келген Ирандын тышкы иштер министри Зарифти аэропортто котологон эл тосуп алды. 3-апрель, 2015-ж. Тегеран ш.
Швейцариядагы сүйлөшүүдөн кайтып келген Ирандын тышкы иштер министри Зарифти аэропортто котологон эл тосуп алды. 3-апрель, 2015-ж. Тегеран ш.

Байкоочулар айрыкча Ирандын банк системасына каршы кийинки эле жылдары киргизилген санкциялар өлкөнүн финансылык акыбалына катуу сокку болгонун белгилешет. 1990-жылдардан тарта АКШ, Евробиримдик жана Улуттар уюму Иран менен аскердик тармактагы соода-сатык, 2010-жылдан тарта Ирандын Борбордук банкы аркылуу бардык операцияларга тыюу салып, Кошмо Штаттардын банктарындагы каражаттарын камакка алган.

Евробиримдик 2010-жылдан тарта Иранга каршы мунай, газ соодасына тыюу салып, жогорку технология, байланыш тармагындагы соода алакаларына, аскердик техника жаатындагы байланыштарды бууп салган. Улуттар уюму курал-жарак жана согуштук жабдыктар жагынан Иран менен соодалашууга тыюу салган.

Жалпылап айтканда, Иран чет өлкөлөрдөгү кардарларынан каражатты которуп алалбай, ирандык ишкерлер Батыштын банктарында эсеп ачалбай, өлкөгө жаңы чет элдик инвесторлор барбай, жумушсуздук күчөгөн.

Эми ушул санкциялар бара-бара жоюлуп, өлкө экономикасы, жалпы жагдай оңолот деп карапайым ирандыктар кубанычка бөлөнүп жаткан чак. Эл аралык коомчулук Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукка, жалпы эл аралык аскердик маанайга катуу таасир эте алчу Ирандын ядролук программасы жок дегенде жакынкы жылдары көзөмөлгө алынып, ага коңшулаш өлкөлөр да эрегишип кеңири кыруучу курал жасоого умтулбай калат деп илгери үмүт артууда.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG