Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Йеменден алты кыргызстандык чыгарылды


Шииттердин хусит кыймылынын жактоочулары Саудия жетектеген коалициянын Йемендеги авиачабуулдарына каршы демонстрация өткөрүүдө. Йемендин борбору Сана шаары. 1-апрель 2015.
Шииттердин хусит кыймылынын жактоочулары Саудия жетектеген коалициянын Йемендеги авиачабуулдарына каршы демонстрация өткөрүүдө. Йемендин борбору Сана шаары. 1-апрель 2015.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин билдиришинче, алты жаран 3-апрелде Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлигинин оперативдик тобу Йеменден алып чыккан орусиялыктар менен кошо келген. Төрт жаран ушул эле күнү Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Калган экөө жакын арада мекенине жөнөтүлөт, деп маалымдайт элчилик.

Буга чейин расмий маалымдалгандай, Йеменде 16 кыргызстандык жаран бар жана көпчүлүгү келишим боюнча иштеген медицина кызматкерлери.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Йемендеги кырдаалдан улам тез байланышчу жумушчу топ түзүп, жарандарды ал жактан чыгарып кетүүнүн жолдорун издеп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG