Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Өлүм жазасына кесилген киши 30 жылдан кийин акталды


АКШнын Алабама штатында өлүм жазасына кесилип, түрмөдө жаткан киши 30 жылдан кийин эркиндикке чыкты. Энтони Рэй Хинтон деген жаран Бирмингемдеги ресторанда эки менеджерди өлтүргөн деп айыпталып 1985-жылы камалган. Ошол убактан бери күнөөсүн моюнуна албай келаткан Рэйдин иши өткөн жылы кайрадан каралган болчу. Криминалисттик экспертиза эки менеджер Хинтондун пистолетинен атылган октон каза болду деген фактыны далилдеген эмес. Сот аны күнөөсүз деп таап, эркиндикке чыгарды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG