Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Франциядагы авиакырсыктан каза тапкандарды издөө токтотулду


Франция бийлиги Альпы тоолорунда кырсыкка учурагандардын сөөгүн издөө иштери токтотулганын кабарлады. Мурдарак француз эксперттери учак кыйраган жерде 150 ар кандай үлгүдөгү ДНК табышканын билдиришкен. Адистер ДНК анализдерин изилдөө менен курман болгондордун тек жайын аныктоого аракет кылышууда. Бул үчүн бир канча апта талап кылынары белгиленген.

Франциянын Альпы тоолорунда кырсыкка учураган А320 үлгүсүндөгү аэробус Барселонадан Дюссельдорфко бараткан. Ичиндеги 144 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсүнүн бири да тирүү калбаганы кабарланды. Буга чейин "экинчи учкуч учакты атайылап жок кылган" деген божомолдор айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG