Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Порошенко: АТR каналы Украина аймагынан чыгат


Украин президенти Петр Порошенко
Украин президенти Петр Порошенко

Бул тууралуу Украинанын президенти Петр Порошенко Бешинчи каналга курган маегинде билдирди. Ал АТR каналына Украинанын бардык аймагында крым-татар тилинде чыга ала турганын, бул үчүн шарт тузүлөрүн айтты. Ошондой эле редакциянын иши, журналисттер жана техникалык кызмат уюштуруларын белгиледи.

ATR телеканалы Орусиянын маалымат каражаты катары кайра каттоодон өтпөгөнү үчүн 1-апрелде ишин токтоткону кабарланган. Мындан сырткары “Мэйдан” радиостанциясы жана балдардын “Лале” каналы жабылган. АКШ Крымдагы маалымат каражаттардын жабылып жатышып айыптаган.

Соңку учурда Крымдын Орусия тараптан аннексияланышына каршы пикир билдирген крым татарлары коркутуп-үркүтүү, кодулоолорго дуушар болуп жатканы белгиленип келет. Буга чейин алардын үйлөрү, саясий уюмдардын кеңселери, мечиттер тинтүүгө алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG