Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Рыспаев: Кумтөр боюнча келишим даяр эмес


Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат, парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди. Анын билдиришинче, комитет Кумтөр маселесин кароону 7-апрелге белгиледи.

- Эч нерсе түзүшкөн жок. Келишим түзө алышпайт. Анткени 50-50% пайдалуу эмес. Бизге дагы ыңгайлуу эмес болуп жатат. Мунун баарын азыр кылдаттык менен карап, жакшы жагын алышыбыз керек, - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир айдын ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзамды алып келүүнү тапшырган. Эгерде ал аткарылбаса, өкмөттү кызматтан кетирүү белгиленген. Өкмөт Кумтөр боюнча келишимдин долбоорун парламентке 19-мартта жөнөткөн.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын "Центерра" ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. Мурдагы өкмөт 50/50 пайызындагы үлүш менен иштетүү келишимин сунуш кылып, парламент колдоп берген. Бирок азырынча натыйжа чыга элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG