Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Малайзиядагы авиакырсыктан кыргызстандык каза тапты


Малайзияда жарандык тик учак кулап, бир кыргызстандык кыз каза тапты. Бул маалыматты “Азаттыкка” Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов тастыктады. Анын айтымында, Кыргызстандын жараны Айдана Байзиева элчиликтин каттоосунда турбагандыктан качантан бери Малайзияда иштеп жүргөнү белгисиз.

- Кырсык абада болгондуктан каза болгондордун сөөгүн чогултуу, таануу иштери бүтө элек. Элчиликте каттоодо турбаптыр. Биз ал боюнча маалыматтарды чогултуп жатабыз. Бул жактан ал кыздын тууганын таптык. Азырынча ал кыз учкучтун жардамчысы же стюардесса болгон деген божомолдор айтылууда. ДНК анализдерге карап, андан ары чара көрөбүз.

Тик учак 4-апрелде Семеньих шаарына жакын жерде кулаган. Андагы алты кишинин баары каза тапканы, арасында Малайзиянын жогорку деңгээлдеги чиновниктери болгону айтылууда. Малайзиянын АКШдагы мурдагы атайын өкүлү, учурдагы парламент мүчөсү Жамалуддин Жаржис, ошондой эле өкмөт башчынын катчысы да учакта болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Айрым маалымат булактары бараандуу коноктор казакстандык Данияр Кесикбаев менен Малайзиянын премьер-министри Наджиб Разактын кызы Нуриана Наджвенин үйлөнүү тоюнан келе жатып кырсыкка учурушканын жазышууда.

Тик учак IGB корпорациясына жана Cempaka авиакомпаниясына таандык экени кабарланды. Окуяга байланыштуу Малайзиянын өкмөт башчысы жана транспорт министри каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Жарандык авиация департаменти иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG