Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

7-апрель курмандыктарына арналган кичи футбол боюнча мелдеш өтүүдө


Бишкекте 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш өтүүдө. Уюштуруучулардын бири Байгазы Кенжебаевдин айтымында, мелдешке Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнөн куралган 16 команда катышууда.

Жеңүүчү командага кымбат баалуу өтмө кубок ыйгарылат. Кыргызстанда өтмө кубок үчүн оюндар жазында жана күзүндө үч жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бүгүнкү оюндун катышуучулары грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси Мирхат Максат уулунун бөйрөгүнө операция жасоо үчүн да керектүү каражаттын бир бөлүгүн чогултууну максат кылышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG