Москвада эрежесиз эр уруш боюнча турнирде Кыргызстандын балбандары КМШ өлкөлөрүнүн спортчулары менен беттешти. «Элдердин достугу кубогу» турнирин өткөрүү демилгесин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги көтөргөн.
Ал эми мелдешти Орусиянын Москва облусунун Аралаш күрөш федерациясы уюштурган. 11 тайпадагы беттеште Кыргызстандан Арап Надиров, Дастан Шаршеев, Тынчтыкбек Иминжанов, Полотбек Урматбек уулу жана Мыктыбек Мамасалиев жеңишке жетишти. Министрликтин алтын бел курчоосу орус күрөшчүсү Алексей Гуреевге жана Москвадагы “Айкөл” клубунун мушкери Полотбек Урматбек уулуна ыйгарылды. Аны министр Мелис Турганбаев өзү тапшырды. Мелдеш Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү. (LzT)