Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Нарында апрелчилер ыңкылап максатына жетпегенин айтышты


Апрель ыңкылабынын катышуучуларына арналып, Нарын шаарында орнотулган эстеликтин жанында бүгүн беш жыл мурун бийлик алмашууда мерт кеткендер эскерилди. Иш-чараны калаа мэриясы уюштурду. Ага ыңкылапка катышкандар жана “Апрель революциясынын баатыры” наамын алгандар келип, төңкөрүш дагы эле өз максатына жете электигин белгилешти.

Эскерүүнү уюштурууга облустук жана шаардык бюджеттен 206 миң сом бөлүнүп, каза тапкандардын жакындарына материалдык жардам көрсөтүлдү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 2010-жылы 7-апрелде Ак үй алдында нарындык 25 адам мерт кетип, 71 адам жарадар болгон. Кийинчерээк 5 адам октон алган жараатынан каза тапкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG